Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргызстандын жаштарынын пикиринде – Камчыбек Ташиев жылдын мыкты саясатчысы болуп табылды. Бул тууралуу “Саясат.kg”маалымат агенттигине “7-апрель жаштар кыймылы” коомдук уюмунун аткаруучу директору Назгүл Камчыбекова билдирди.

 
Анын айтымында, аталган уюм “Жаш Адилет” кыймылы менен биргеликте республиканын бардык аймактарында социологиялык сурамжылоо жүргүзгөн. “К.Ташиевге айрыкча түштүк чөлкөмүнүн жаштары былтыркы июнь коогалаңын токтотуудагы эрдиги үчүн өзгөчө сый-урмат менен мамиле жасашарын биле алдык. Жалпы республика боюнча алганда да, анын жаштар арасындагы аброю чоң болуп чыкты”,- деди Н.Камчыбекова.
 
Н.Камчыбекова “2011-жылдын мыкты чиновниги” наамына татыктууларды да атады, алар Нарын губернатору Канатбек Муратбеков, ИИМ башчысы Зарылбек Рысалиев, Социалдык коргоо жана эмгек министри Айгүл Рыскулова, депутаттар арасынан мыктылар: Дастан Бекешев, Галина Скрипкина жана Райкан Төлөгөнов.
 
Андан тышкары, “Жылдын коррупционери”, “Эң начар чиновник” сыяктуу номинация ээлери белгилүү болгон. Алардын аттары Жаңы жылга утурлай коомчулукка белгилүү болот.