- Кандай ойлойсуз, Абиров мандатын тапшырган округдан кайра шайлоого аттанса, баштагыдай добуш ала алабы?
- Жаныбек Абиров Ленин шайлоо округунан шайлоого аттанганы менен ал өзү күткөндөй добуш албайт. Анткени ал мандаттын кадырын кетирип, маселени муштум менен чечти. Өзүнүн боштугун көрсөттү. Ошондуктан, эми ал баштагыдай колдоо таппайт. Шайлоо катышкан күндө да, парламенттен жаратмандык көрсөтө албайт. Ошон үчүн шайлоого катышпай эле койгону дурус.