Бишкек шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн туруктуу каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
"КР УКМК тарабынан башка милдеттер менен катар өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын аймагында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын прекурсорлорун жана аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Бул багытта комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, улуттук коопсуздук органдарынын байкоосуна Кыргыз Республикасынын жараны Б.Д.Б. түшкөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө Б.Д.Б. туруктуу негизде баңги каражаттарын ташуу жана сактоо, ошондой эле аларды Бишкек шаарынын аймагында көбүнчө жаштарга жана чет өлкөлүк туристтерге сатуу менен алектенгени аныкталган.
2023-жылдын 29-июлунда жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында Б.Д.Б. кармалды. Аны жеке тинтүү учурунда өзгөчө ири өлчөмдө – 108 грамм (9 брикет) баңгизаты табылган. Алынган заттарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, брикеттердин курамында каннабиноиддик топко кирген, баңгизаты болуп саналган гашиш бар экенин көрсөткөн.
Кармалган жаран КР УКМК тергөө абагына киргизилди.
Учурда баңгизаттардын келип чыгышын, ошондой эле бул кылмышка чогуу катышкан башкаларды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.