- Артур мырза, Жаныбек Абировдун Ленин райондук округунан шайлоого аттанам деген ойду кыйытканы коомчулукта ар кандай кабылданып, бири катышсын десе, бири моралдык укугу жок деген ойду айтып жатышат. Сиздин пикириңизде анын шайлоого катышууга укугу барбы?

- Мен да социалдык тармактан Жаныбек Абировдун шайлоо маселеси боюнча түрдүү пикирлердин айтылууда. Карама-каршы пикирлер абдан көп. Негизи  Абиров Кыргызстандын мыйзамынын жана конституциялык укугунун негизинде БШКнын  макулдугу менен шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, ал бардык укукту колдоно алат. Бул бир. Экинчиси,  БШК моралдык жагын эске албай, Жаныбек Абиров  шайлоого катыша алат десе да, коомчулук каршы чыкса, анда  Абировго кыйын болот. 

Айтайын дегеним,  мандатын тапшырууга аргасыз кылган окуя Жаныбек Абировдун  аброюн кетирип, жүзүнө  көө жаап койгон. Ошон үчүн шайлоого барышы да, барбашы да Абировдун абийринде. Саясатчылардын  деңгээлин аныктаган  учурлар мына ушундай жагдайлар менен эле далилденип калат.