Ош облусунда 29 жаштагы "эл аралык террористтик уюмдун тарапташы" кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адам 2017-жылы Түркия аркылуу Сирияга барып, "эл аралык террористтик уюмдун катарында куралдуу кагылышууларга катышкан".

Ал Түркияга кайтып барганда кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. "Терроризм актысы" жана "Жалданмачылык" беренелери менен соттолуп, бирок 2021-жылы белгисиз жагдайларда эркиндикке чыккан.

ИИМдин маалыматына караганда, кармалган адамдын үйүнөн ок-дарылар, анын ичинде РГД-5 үлгүсүндөгү гранаталар, камуфляж комплектилери, бычактар, дисктер жана башка буюмдары табылган. Бул факты боюнча "Мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары сактоо" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кармалган адам Ош шаарындагы №25 тергөө абагына камалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына ылайык, Сириянын согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарына Кыргызстандын 850 жараны чыгып кетсе, алардын 150сү каза болгон.