-УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мындан ары Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор болбой турганын айтты. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөдүбү?
- Жакынкы 6 ай ичинде уюшкан кылмыштуу топторго күрөш катуу күчөдү. Ошто, Бишкекте "баланчанын" кылмыштуу тобу колго түшүрүлдү" деген маалыматтар байма-бай тарап, криминалдык элементтер кармалып жатты. Мунун өзү эле кылмыштуу топторду жок кылуу аракети деп бааласак болот.
-"Биз бир дагы ишкер басымга учурабай турганына кепилдик беребиз. Бирок, салыктан качкан, элди тоногон, бажы төлөмдөрүнөн качкандарды жазалайбыз”-деди. Камчыбек Ташиевдин бул сөзүнөн кимдер сабак алышы керек? Министрлерди да эс албай иштөөгө чакырды...
- Ким болбосун, ар бир мамлекетте жашагандын кенемтеси бар. Иш курсаң, салык төлө, үйүңүн, машинеңин же башка мүлктөрүңүн салыгын төлөшүң керек. Сырттан жүк алып кирсең, бажынын төлөмүн төлө. Мамлекетти ушинтип жашатабыз. Менимче, УКМК төрагасынын бул сөзүнөн мамлекетти тоноп жегендер, салыгын төлөбөй качып жүргөн ишкерлер, айрым мамлекеттик кызматкерлер сабак алышы керек. Ал эми эс албай же таң эрте ишке келген министрлер бизде бар. Маселен, министр Кудайберген Базарбаев ишке эрте менен саат 07:00дө келет.