- УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев мындан ары Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор болбой турганын айтты. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөдүбү? 

- УКМК уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө аракет кылып, бир топторун кармап, камаганын ММКлардан окуп, билип атабыз. Демек, күрөштүн күчөгөнү ушундан билсе болот. 

- "Биз бир дагы ишкер басымга учурабай турганына кепилдик беребиз. Бирок салыктан качкан, элди тоногон, бажы төлөмдөрүнөн качкандарды жазалайбыз”-деди. Камчыбек Ташиевдин бул сөзүнөн кимдер сабак алышы керек?

- Айрыкча майда ишкерлердин укугун коргоо керек. Антпесе бир ишкана ачты дегенче 6-7 түрдүү текшергич келип, штраф салып,  айласын кетирет. Ошол текшергич "саламчылардан" коргоп, алардын андан нары өнүгүп кетүүсүнө жардам берүү башкы маселе.
Ал эми бизнесин өнүктүрүп, миллиондорду айландырып, ошол маалда салыктан качкан, элдин жонунан кайыш тилген байларды жакшылап текшерүү керек. Башкасын айтпаганда да кабатталган сарайлардын электр жарыгын төлөбөй, текшерип келгендерге итин агытып кое берген же эшигин ачпай койгон көпөстөр толтура.