- Акылбек Жапаровдун мугалимдер өздөрү сабак берген предметтен экзамен тапшырсын деген демилгеси боюнча кандай ойдосуз?

- Эгемен мамлекет болгондон бери билим берүү тармагы өтө төмөнкү деңгээлге түшүп кеткен. Себеби көп: кендирди кескен экономика, коррупциялашкан башкаруу, паракорчулук, кайдыгерлик. 

Билим акчага байланышып калган заман болгон. Ушундай системада окуп, бүтүп иштеп жаткан кадрлардын, тагыраагы мугалимдердин көпчүлүгү сапатсыз. Сапаттуулары тиричиликтин айынан өлкөнүн сыртына чыгып кетишкен. Жаңы заман келип билимдин сапатына көңүл бурула баштады. 

Ошондуктан Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун демилгесин  колдоого алсак болот.