Бишкек, “Саясат.kg”. Жаңы түзүлгөн парламенттик коалиция тарабынан Кыргызстандын өкмөтүнүн жаңы курамынын долбоору сунушталып, мурдагы 20 тармактык министрликтин ордуна 15 министрлик менен комитет түзүү сунушталып жатат. Министрлер кабинетинин жаңы түзүмү ушул тапта кыргыз жаштарынын арасында да талкууланууда. Бул тууралуу “Саясат.kg”маалымат агенттигине «Жаркын Келечек» коомдук бирикмесинин төрагасы Жениш Калимбетов билдирди.

 
Анын айтымында, өкмөттүн жаңы түзүмүн талкууну Жаштар иштери боюнча министрлиги республиканын дээрлик бардык аймактарында уюштурууда. Мындай талкуулар кечээ жана бүгүн Жалал-Абад областынын Аксы, Ала-Бука, Ноокен, Базар –Коргон, Сузак райондорунда жана Жалал-Абад, Таш –Көмүр шаарларында өтүүдө. Бул жолугушууларда жаштар уюмдары жана жаш лидерлер тарабынан өлкөбүздөгү жаштар саясатынын абалы жана бүгүнкү өкмөттүн долбоорлору боюнча жаштар саясаты дагы да болсо экинчи планда калып жаткандыгы белгиленди.
 
«Жаш жарандарды өнүктүрүү» коомдук фондусунун жетекчиси А.Шералиевдин билдирүүсүндө спорт, миграция маселелери жаштар саясатынын бир багыттарынын бири болгондуктан Жаштар министрлигине спорт жана миграцияны кошсо болот.
 
Ал эми «Элет жаштары» коомдук бирикмесинин лидери А.Дыйкановдун сөзүндө депутаттар өз кызыкчылыктарын көздөбөй, жаштарга болгон мамилени министрликтин деңгээлинде карап, Жаштар саясаты, спорт жана миграция министрлигин түзсө жакшы болоорун белгиледи.