Бишкек, “Саясат.kg”. 2011-жылдын аягына чейин республикабыздын абак жайларында төрт ишкана ишке берилет. Алардын бирөөсү тигүү цехи, экөөсү төөбуурчакты кайра иштетүүчү дагы экөөсү эл чарба шаймандарын жасоочу ишкана. Учурда 2011-2015-жылдарга эсептелген Европа союзу тарабынан каржыланган бул долбоорду ишке ашыруу үчүн КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын тиешелүү адистери Түркияда тажрыйба алмашып жүрүшөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында ЖАББ төрагасынын орун басары Калыбек Качкыналиев билдирди.
“Союздун учурунда өлкөбүздүн абак жайларында 10 завод, 2 фабрика иштеп турган. Анда иштеген эркинен ажыратылган адамдар бир гана өзүн эмес, үй-бүлөсүн да багып турган. Тилекке каршы Союз менен кошо алардын баары талкаланып, таланып-тонолуп, азыр орду бош турат. Жогорудагы долбоордон тышкары биз жергиликтүү бизнесмендер менен да сүйлөшүп жатабыз. Аларга тиешелүү жеңилдиктер берилсе, абактардагы эски завод, фабрикалар жанданып, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө да салым кошулат эле. Бир чети уурулук кылып соттолгондор карызын төлөп берүүгө да шарт түзүлөт”,- деди ал.