​​​​​​​- Камчыбек Ташиев министрлерди эс албай иштөөгө чакырды. Бул коомдо түрдүү пикирлерди жаратты. Сиз кандай ойлойсуз, УКМК төрагасынын талабы туурабы? Дегеле биздеги аткаминерлердин аткарып жаткан иштери канааттандырабы? 

- Биздин өлкөдө нечен жылдан бери ар ким өз билгениндей жашап көнүп калышкан. Темирдей катуу тартип болгондо гана өлкө өнүгөөрүн башка мамлекеттердин мисалында көрүп жатабыз. Министрлердин саны көп, бирок кылган иши билинбейт. Министрлик аларга өлкө үчүн жакшы иш аткаруучу эмес, өз капчыгын толтуруп, материалдык муктаждыгын чечүүчү гана жайга айланып келген. Ошондуктан, УКМК төрагасынын койгон талабы эң туура. Кызматка келиштиби, иштешсин, иштей алышпаса, кетишсин дагы, каалашынча эс алып жүрө беришсин. Катаал талап жакпаса, мамлекеттик кызматка жакындашпасын. 

Камчыбек Ташиевдин министрлерге "көлгө барып күнгө кактанып, эс алганыңарды көрбөйүн" деген эскертүүсүн уктук. Ал киши дагы аткаминерлер эмне менен алек болуп, өлкө үчүн чын дилинен күйгөндөрдү күндүз чырак менен издеп табуу дагы мүмкүн болбой баратканын көрүп турат. Айласыздан ушундай талап коюуга туура келди. Ал сөзүн мен чыныгы патриот жетекчинин эркекче сөзү деп баалайм. Баарыбыз билебиз, Ташиев айтканын аткарат. Укпастан Көлгө барып эс алган жоон моюн министрлердин "загар" алган терисин сыйрып алышы да мүмкүн. Аттиң, өлкөдө Ташиевдей беш адам болсо, коррупция эмне экенин билбейт элек. 

- УКМК төрагасы ошондой эле өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор мындан ары болбой турганын, ал боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатканын айтты. 30 жылдан бери Кыргызстанды "басып" алган "каралар дүйнөсүнөн" кутулаарыбызга ишенесизби?

- Албетте, 100 пайыз ишенем. Эмне себептен? Көз алдыбызда УКМК уюшкан кылмыштуу топторго чабуул жасап жатат. Күн алыс кайсы бир кримавторитеттин кылмыштуу тобунун мүчөсү, ал турмак ошол башында тургандар дагы кармалып жатканын угуудабыз. Мурда УКМК бардыгын билгенибиз менен анын эмне иштерди аткарып жатканынан кабарсыз элек. Атайын кызмат тарабынан шоорат дагы угулчу эмес. Азыр күн сайын УКМКнын маалыматы менен жашап калдык. Коррупцияга баткандар, кылмыштуу топко илешип алып, жөнөкөй элдин жүрөк үшүн алып жаткандар мыйзам чегинде жазасын алышууда. Ушул темп менен кетсек, коррупциясыз, уюшкан кылмыштуу топторсуз жашоого жетебиз. Тилегеним - Ташиевге Кудай ден соолук, узун өмүр берсин.