- УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев «Мындан ары Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топтор болбойт» деди. Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш күчөдү деп түшүнсөк болобу?

-Кыргызстандын 32 жылдык тарыхындагы мурунку жетекчилер коррупция жана уюшкан кылмыштуу топтор менен тандалма, саясий оппоненттерди сындыруу жолу менен күрөшүп келсе, азыркы президентибиз Садыр Нургожоевич, УКМК жетекчиси Камчыбек Кыдыршаевич эки -үч жылдан бери аесуз күрөшүп, көптөгөн коррупционерлерди жегенин төлөтүп, "колдорун" кести. Уюшкан кылмыштуу топторго туйгун куштай тийип, ондогон, жүздөгөн мүчөлөрүн кылтакка түшүрдү. Ал эмес өздөрүн "вор", "положенец" деп эсептеген авторитеттерин да ордуна койду. Түптөлүп калган кылмыштуу дүйнөнүн системасын сындырып жатат.

Камчыбек Кыдыршаевичтин "кылмыштуу топтор мындан ары болбойт" дегенин - каршы  күрөштүн күчөгөнү  деп билсек болот.

Президентибиз менен УКМК жетекчисинин "Кыргызстанда кылмыш дүйнөсү жок, жарандарыбыз эркин жүрө тургандай коом курабыз" деген асыл ойлору ишке ашып баштады.

Буюрса, мекенибиз үчүн ойлонгон асыл ойлору ишке ашат деп ишенимдүү айта алам жана Кыргызстан эркин, өнүккөн өлкө болот деп ишенем.