- Кыргыз тили мыйзамына президент кол коюптур. Бул улуттук тилдин кадырынын өсүшүнө өбөлгө болобу?
- Кыргыз тилин өркүндөтүп. өстүргөн канчалаган мыйзамдарга президенттер буга чейин да кол коюшкан. Бирок тил өсүп-өнүгүп кеткен жок. Тилди өнүктүрүү үчүн иш кагаздарын бир гана кыргыз тилине өткөрүп, мамлекеттик кызматкерлерлерди жана өлкөдө жашаган элдерди кыргыз тилинде сүйлөөгө мажбурлаш керек. Ошондо гана тилибиз өнүгүп, кадыры өсөт. Ага президентибиз талапты күчөтүшү зарыл.