УКМК Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы министри Динара Кутманова кармалганын билдирди.
Маалыматка караганда, Кутмановага буга чейин кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө анын коррупциялык схемага тиешеси бардыгын аныктаган далилдер чогултулган жана ал схеманын башка катышуучуларынан көрсөтмө алынган. Ошондой эле, экс-министр менен башка айыпталуучулар беттештирилген.
Жыйынтыгында, Кутманова Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп турган мезгилде бардык ыйгарым укуктарын жеке кызыкчылыгындагы иштерди аткарууга пайдаланып, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү үчүн коррупциялык схема түзгөнү аныкталды. Белгилей кетчү нерсе, бул кызматты бийлик ага чоң ишеним менен тапшырган. Ал эми Кутманова ишенимди ак иши менен эмес, коррупциялык схема менен "актоого" умтулган.
Белгилүү болгондой, экс-министр коррупциялык ишине кол алдындагы кызматкерлерди гана эмес, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун дагы тарткан. Алар аркылуу жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган.
Эскерте кетсек, 3 жылдын ичинде каржылоонун жалпы суммасы болжол менен 969 миллион 568 миң сомду түзүп, анын 180 миллиону Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин муктаждыктары үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн. Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.
Ошондой эле, каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Д.Кутманова тарабынан Комиссиянын жыйналышын алардын катышуусуз формалдуу өткөрүү үчүн кысым көрсөтүү фактысы тастыкталды.
Жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында 9 адам айыпталуучу катары тартылып, Д.А.Кутманованын уулу учурда эл аралык издөөдө жана аны Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө.
Учурда Кутманова кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
УКМК башка ушул сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын улантууда.