Бизнесмендер, жөнөкөй жарандар тынч жашап жана иштөөгө акылуу, алардын укуктары корголууга тийиш. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин биринчи жарым жылдыктагы аткарган иштери боюнча жыйында билдирди.
Ал мамлекет легалдуу бизнести өнүктүрүү жана колдоого бардык шарттарды түзөөрүн белгиледи.
"Биз бир дагы ишкер басымга учурабай турганына кепилдик беребиз. Бизнесмен болобу, жөнөкөй жаранбы тынч иштеп, тынч жашаганга акылуу, алардын укугу корголушу керек. Бир дагы ишкер негизсиз жоопкерчиликке тартылбайт. Алар эркин жашап, иштеп, акча табаарына кепилдик беребиз. Бул үчүн керектүү шарттарды түзөбүз.
Биз айрым бизнесмендерди жоопко тартсак, аларга басым жасап жатат дешүүдө. Бирок бир нерсени билип коюшубуз керек. Биз салыктан качкан, элди тоногон, бажы төлөмдөрүнөн качкандарды жазалайбыз. Аларды бизнесмен деп деле айтууга болбойт, алар - уурулар. Таза иштегендерди болсо биз колдойбуз. Андайлар көп болушу керек", - деди ал.