- 48 саатка камалып, тил кат менен үй камагына чыккан блогердин аракети төрөт үйүндөгү коррупцияны ачтыбы, кандай ойлойсуз?
- Оштогу төрөт үйүнүн акыбалы республикадагы бардык төрөт үйүнүн үлгүсүндөй экендиги талашсыз. "Төрөйм" деп келген ар бир энеге ошондой эле мамиле врачтар тарабынан жасалат. Акча бербесе карабайт. Алар биротоло көнүп, медсестрасынан баштап, жетекчисине чейин, өзүнчө "такса" коюп, төрөт үйүн жем баштыкка айлантып алганы көрүнүп турат. Эгер андай болбогондо блогерди ак халат жана маска берип, киргизип суроолоруна жооп берип, узатып коюшмак. Чагылган түшкөндөй ар тарапка качып, айлалары кетип атат медперсоналдардын. Ал эми Улукбек аарынын уюгуна тийип алгандай эле болду. Биротоло текшерип жыйынтык чыгарса болмок. Азыр ар бир медуюмдарда акчасыз карабаганы кимге жашыруун? Ушундай уюган коррупциянын бетин ачкан блогерди камай койгон органдын кемпайларына жол болсун!