- Төрөткананы аралап кеткен блогер эч жакка кетпейм деген тил кат менен соттон бошотулса,  таза суу көйгөйүн чагылдырган блогерлер камакка алынды. Бул нерселер блогерлерди тартипке чакыруу, эрежени сакта деген аракетпи? Медицинадагы жемкорлукту желкеден алганга күч жетеби?

- Негизинен биздин Кыргызстанда журналисттер, блогерлер, маалымат каражаттары аркылуу маалыматты, журналисттик иликтөөлөрдү эркин чагылдырып жүрүшөт. Эч кандай мыйзам менен тыюуу салынган эмес, бирок жоопкерчилиги каралган.

Азыркы учурда көптөгөн журналисттер, блогерлер, маалымат каражатын колдонгон кээ бир жарандар жоопкерчиликти сезишпей, аша чапкан учурлар көп болуп жатат. Кээ бирлери мыйзамды тепсешип, өздөрүн баатыр көргөзүп, сенсация кылышып маалыматтарды чыгарууда. Бирок жоопкерчиликти унутуп коюшууда. Кээде журналисттер, блогерлер соттун, прокурордун, тергөөчүнүн ролун аткарган учурларга күбө болуудабыз. Жаманбы, жакшыбы мыйзамдуу мамлекетте жашайбыз.

Бардык иш чара, териштирүү мыйзамдын алкагында  жана мамлекеттик органдар аркылуу жүргүзүлүшү абзел. 

Төрөткананы аралап кеткен блогер мыйзамды бузса керек, аны тергөө аныктайт. Азыркы учурда жөндөн жөн эч кимди жоопко тартпайт, мурунку заман кеткен. 

Экинчиден, журналистпи, блогерби маалымат чыгаруудан мурда, кандайдыр бир ишкананы иликтээрден алдын жоопкерчиликти да эстеп коюшса....