Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдорго документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 19-августка чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Анда айтылгандай, сынакка Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Пакистан Ислам Республикасынын жарандары болгон этникалык кыргыздар катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2023-2024-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2023-жылдын 19-августу саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

Конкурстук программага катышуу боюнча суроолорго маалымкаттар иш күндөрү саат 15: 00дөн 17: 00гө чейин +996(312)625082, 621519, 620497 телефондору аркылуу берилет. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. электрондук дарегине жиберсе болот.

2023-2024-окуу жылына Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда билим алууга чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн 75 квота бөлүнгөн.