Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун артка чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматы кабарлады.

Акыйкатчы адам укуктары тууралуу эл аралык жана Конституциялык мыйзамдарды сактоо максатында демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунан баш тартуу зарыл деп белгилеп, демилгечилерге мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгуу сунушун берген.

Мурдараак Министрлер кабинети "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.