Ош шаарындагы төрөткананын эшигин сындыра тээп кирип барып, ымыркайлар, жаңы төрөгөн энелер жаткан бөлүмдү ээн-эркин аралаган блогердин окуясы коомчулукта талкуу жаратууда. Бардык эле окуяларда болгон сыяктуу мында да коомчулук экиге бөлүндү: бири блогерди колдосо, экинчиси сынга алышты. 

Патологоанатом Валентина Пахман бул боюнча пикирин соцтармактагы баракчасына жазды. 

"Медиктердин тынчын алган блогерлер тууралуу айтайын. Эмнеге ал өзү жалгыз эшикти ачып жатат? Түшүнбөдүм. Калганы кайда? Жалкоолонуп жатышабы? Мындай блогерлер бизде толтура эмеспи. Аудиториясы беш миң адамдан ашкандын баары эле өзүн блогер эсептей беришсе болот. Андайлар өлкөбүздө толтура, ар бир экинчи адам.

Эмнеге отурабыз? Кимди күтүп жатабыз?

Бүгүн бирөө ооруканада каалагандай секирип, эшикти тээп кирүүнү чечти, эртең бешөөсү, бүрсүгүнү дагы жүз адам чыгат. Мындай нерсенин чеги жок.

Буга байланыштуу менде маанилүү сунуш бар - оорукчандарды талаада эле дарылайлы. Баарынын көз алдында. Өтүп бараткан блогер кайрылып, карап, катышып кеткидей болсун. Ырайымдуу доктор Айболит кайсы бир ооруканада эмес, дарактын түбүндө отурсун. Ооруканада бир гана эскулаптар менен зыянкечтер отурат эмеспи.

Дарактын түбүндө эшик да, дубал да жок. Ооруканаларды куруунун кереги жок - акчаны шамалга учурбай эле коелу. Талаага гинекологиялык кресло коюп коебуз, болду. Баарыңар келип, карай берсеңер болот. Жүз, эки жүз адам болсо дагы. Биз эл үчүн ачыкпыз.

Ошол жерден операция да жасайбыз, гемморойду да дарылайбыз. Эл үчүн ачык болуу - медицинанын учурдагы кырдаалында ийгиликтин кепилдиги! Кыскасы, мен макулмун. Каалагандардын баары келгиле да, карай бергиле. Бизге, дарыгерлерге эч нерсе болбойт. 

Ишенем, айрым дарыгерлер сиздерге жарааттарды кол менен кармап көрүүңөргө да уруксат берсе керек. Эмне болуптур? Блогерлерге уруксат. Алар деген интернетти окушат, эмнени кандай кылуу керектигин билишет. Балким туура кеңеш дагы берип коюшат. Бизде азыр дарылаганды бир гана врачтар билишпейт да.

Андан ары укук коргоочулар катышат. Алар дарыгерлер туура эмес дарылап жатканын так билишет эмеспи. Азыр бардык дарыгерликке байланышкан маселелерде алар акыркы сөздү айтып калышпадыбы.

Кыскасы, жакшы идея. Текшерип, көзөмөлдөп гана койбостон, катышууну каалагандардын баарын чакырабыз. Анын үстүнө бизде ооруканага караганда талаа көп. Башкысы - бүт баары катышат. Супер". 

 

 

Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

URL: https://www.vb.kg/431190