Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Аким КР “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.