- Ысык-Көл менен Соң-Көлгө  3 жылга чейин тор жайып, балык кармаганга мораторий жарыяланды. Туура чечим болдубу?

- Президенттин жаратылышка, айрыкча Ысык - Көлүбүзгө көңүл буруп жатканы кубантаарлык иш. "Жашыл мурас" долбоорун демилгелеп, Кыргызстан боюнча бак отургузууну колдоп жатканын да белгилеп кетким келет. Ысык-Көл, Соң - Көлдө балык уулоого тыюу салганы туура жана керектүү чечим болгон. Андан ары браконьерлерге жана аларды калкалагандарга жаза жоопкерчилигин да күчөтүү керек. Президенттин баарыбызга керектүү демилгелерин жергиликтүү бийлик, тиешелүү мамлекеттик органдар аткарса деген тилек.