Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалын алды. Аны аталган уюмдун башкы катчысы Султан Раев тапшырды.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму маданият тармагында иштегендерге жыл сайын атайын сыйлык берип келет. Буга чейин алтын медалды белгилүү комузчу Самара Токтакунова,  "Алтын комуз" байгесинин негиздөөчүсү Ниязбек Айбашов, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз, Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүлөрү Маратбек Шарафидинов, Асан Турсункулов ж.б.лар алган.