Сокулук райондук соту 17-июлда таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалган үч адамдын бири, блогер Эртай Искаковдун бөгөт чарасын карап, аны эки айга абакта калтырды.
Дүйшөмбүнүн кечинде жарыяланган сот чечимине ылайык, Искаков 15-сентябрга чейин тергөө абагында болот.
Бир канча күндөн бери суудан мукураган Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.
Милиция 15-июлда нааразылык акцияга катышкан бир нече кишини суракка чакырып, алардын ичинен митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаковду, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев менен Бактыбек Бекболотовду камакка алган. Аларга "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген берене менен иш козголгон.