Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Кыргызстанда 45тен ашык бинардык опцион жабылганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар бинардык опцион деп катталып, бирок Интернетте виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндарын уюштуруп келгени аныкталган.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөөнүн алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютерлер, техникалар алынган. Ушул тапта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

Кыргызстанда 2012-жылы кумар оюндарына тыюу салынгандан кийин бинардык опцион катары ачылган жайлар көбөйө баштаган. Бирок алардын аты башка болгону менен, ичинде кадимкидей эле кумар оюндары бар экени айтылып келаткан. Бинардык опциондун ишмердүүлүгүнө мыйзам жолтоо боло албайт.