"26-июндан 1-июлга чейин өткөрүлгөн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын 1-утушунун жеңүүчүлөрү!
Учурда ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия жеңүүчүлөрдү лотереянын шарттарына жана талаптарына шайкештигин текшерүүдө.
Текшерүү бүткөндөн кийин cалык кызматкерлери байге ээлерин чакырып, байгелерди алууга негиз болгон сертификаттарды тапшырышат.
Ошондуктан, урматтуу жеңүүчүлөр, тынчсызданууга негиз жок. Эгерде сиз лотереянын эрежелерин бузбасаңыз, утушуңузду сөзсүз аласыз.
Көңүл буруңуз! Телефон чалып, куттуктап, байге үчүн акча которууну суранган шылуундардан абайлаңыздар.
Байгелер акысыз жана салык төлөөсүз берилет", - деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.