- Жасалма диплом алганы үчүн  бир эмес, эки депутат мандатынан ажыраганы маалым болду.  Жасалма диплом менен депутат болгондорду мандатынан эле ажыратып коюш керекпи же алардын алган айлыгынан бери төлөтүү керекпи?

- Негизи, эл шайлагандан кийин депутаттын дипломунун бары же жогу маселе жаратпашы керек. Эгер мындай эреже бизде мыйзам катары кабыл алынып калган болсо, анда, жасалма диплом менен иштеп аткандар боюнча бирдей чара көрүлүшү керек деп эсептейм. Маселен, диплому жасалма делип, жарыяланып калган айрым кызматкерлер дале иштеп жатышат. Депутаттар боюнча айтканда, аларга алган айлыгын төлөтүү туура эмес чечим деп эсептейм.