Бишкек, “Саясат.kg”. Кечээ Ош шаарында “Кыргызстандагы диний кырдаал жана анын проблемалары” деген аталыштагы тегерек стол отуруму болуп өттү. Иш-чара Ош облусттук мамлекеттик администрациясы, дин иштери боюнча комиссиянын түштүк бөлүмү, Ош облусттук казыяты жана ОшМУнун демилгеси менен уюштурулган. Тегерек столго дин таануу багытында эмгектенген окумуштуулар, аймактардагы белгилүү дин таратуучулар жана бийликтин өкүлдөрү катышып, өлкөбүздөгү учурдагы диний кырдаал, ислам дининин ичиндеги түрдүү агымдар жана алардын аракеттери, Исламды жамынып терс иштерге барган топтор жөнүндө кызуу талкуу жүрдү. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
- Категория: Коом
- Просмотров: 1847
Ошто диний кырдаал талкууланды
ОшМУнун басма сөз катчысы Керим Калыкулов билдиргендей, тегерек үстөлдүн жыйынтыгында дин таануу сабагын мектептерге киргизүү, аш, тойлордо динге жат ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө сыяктуу маселелерди көтөргөн 12 пункттан турган Резолюция кабыл алынды.