- Жасалма диплом менен бир эмес, эки депутат мандатынан ажырады. Дагы бир депутаттын диплому жасалма деген маалымат тарап жатат. Жасалма диплом менен депутат болгондорду мандатынан эле ажыратып коюш керекпи же алардын алган айлыгынан бери төлөтүү зарылбы?

- Жасалма дипломду алыштын өзү эле оор кылмыш же болбосо коррупция болуп эсептелет. Ушуга байланыштуу, мындай кыйшык жолго барган айбандарды Жогорку Кеңештин курамынан гана чыгарбастан, алардын көп жылдан бери алып келген алдамчы айлыктарын дагы толугу менен төлөтүш зарыл. Мындан тышкары, жасалма диплом менен карьера жасап келген шылуундарды мамлекеттик кызматка таптакыр жолотпош керек. 

Дагы бир маселе, биздин тийиштүү органдарыбыз ошол жасалма дипломдорду кайсы жогорку окуу жайы берген жана жалган документтерге кайсы жетекчи кол койгондугун аныктап, аларды дагы жоопко тартыш талапка ылайык болот. 

Мамлекеттин материалдык байлыгын уурдоо - бул кечирилгис иш. Ал эми адамдын акыл-эсин жана билимдүүлүгүн аныктаган расмий документти уурдап алыш - андан дагы жогору турган кылмыш. Мындай мителерди түп тамырынан жоготмоюн өлкө өспөйт жана өнүкпөйт, коомубуз коркунучта калып, элибиздин турмушу эч убакта оңолбойт.