- Камчыбек Ташиев “Матчествого” жол жок. Аны ким кабыл алган болсо, өзү жокко чыгарсын! Бул менин жарандык позициям” дегенден кийин бул тема жабылдыбы?

-"Матчество" маселеси жабыла турган маселе эмес! Анткени "отчество" берген менен аталык мээримин бербеген, катынпоз эркек сөрөйлөр көбөйдү. Толук жарамдуу үй-бүлө күтүп, келечекте эл-журтуна кызмат кыла турган уул-кыздарды тарбиялай албагандын жыйынтыгы ушундай болот. Матчествону жок кылган менен көмүскөдөгү көйгөй чечилбейт. Кыргыздын нукура ар-намыстуу эрлери эр, шерлери шер болуп, балдардын убалынан коркуп, аталык милдетин аткарып, түндүгүн түшүрбөй, аялзатын ардактамайын матчество жана башка жат көрүнүштөр боло берет. Ал эми саясий өңүттөн алганда батыштын баш айланткан идеялогиясын таңуулап жаткандардын саясаты десек да болот.