Бүгүн шаарыбыздын “Ак-Өргө” жаңы конушунда коомдук ишмер, “Замандаш” партиясынын негиздөөчүсү Муктарбек Өмүракунов атындагы көчөнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Көчөнүн ачылыш аземине мурдагы депутаттар, шаардык башкармалыктын өкүлдөрү, “Замандаш-Современник” партиясынын тең төрагалары, Муктарбек Өмүракуновдун жакындары жана туугандары жана жаңы конуштун тургундары катышты. Иш-чарага чогулгандар алгач М. Өмүракуновдун элесине арнап куран түшүрүштү.

М.Өмүракуновдун агасы Эмил Өмүракуновдун айтуусунда, бул көчөнүнүн ачылышы тургундар үчүн өтө маанилүү, себеби, дал ушул көчөдө жашап, ал көп нерсе жасады. Алардын бири катары чоң мечиттин курулушун айтсак болот.

Муктарбек Өмүракунов көчөсү “Ак-Өргө” жаңы конушунун борбордук көчөсү менен Кырк Кыз көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Эске салсак, “Замандаш” партиясынын негиздөөчүсү жана лидери Муктарбек Өмүракунов үстүбүздөгү жылдын 1-майында мезгилсиз дүйнө салган.
 

КыргызИнформБюро