4-6-июлда Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Мамай» тилкесинде жана Аксы районунун Кош-Дөбө айылында 31 кутуга салынган 15 миң 500 таңгак (Milano маркасындагы) тамеки буюмдары түрүндөгү контрафакттык товарды Өзбекстан Республикасынын аймагына алып өтүүгө аракет кылган Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды. Алар - 1981-жылы туулган С.Н.Т. жана 1987-жылы туулган К.К.И.
Азыркы учурда аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгү (Экономикалык контрабанда) жана 239-беренеси (Милдеттүү акциздик салык салынуучу продукцияларды акциздик маркалары жана идентификациялоо каражаттары жок жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.
КР УКМК жарандарды ушул сыяктуу фактылар жана башка укук бузуулар боюнча маалыматтар болсо УКМКнын башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн (03722) 5-60-49, (03722) 5-49-61 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.