- Матчество чечими коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Конституциялык соттун түшүндүрмөсүнөн кийин кандай ойдо калдыңыз?

- Тилекке каршы коомчулуктун басымдуу бөлүгү, ага кошулуп мамсекретарь дагы Конституциялык соттун түшүндүрмөсүн окубагандай. Ал жерде так жазылып турат, "Капалованын арызы канааттандырылган жок" деп. Капалова өзүнүн кыска, үрп-адатка каршы келчү түшүнүгүн көпчүлүккө таңуулап, сот аркылуу ишке ашыруу аракетин көрдү. Көбү билбей эле резонанс жаратып жатышат.

Убагында паспортто улутун көрсөтчү графаны алып жатканда биз каршылык көрсөтүп, калтырууну талап кылганбыз, бүгүн да ал графа жок. Бул жол менен кете турган болсок жакында жынысын көрсөтчү графаны да алып салышы ыктымал.

- Капалованын  максаты эмне?

- Капаловага окшогондор эч качан улуттун кызыкчылыгы үчүн аракеттенбейт. Маргиналдашкан, бузуку түшүнүгүн жайылтуу, мыйзам менен бекитүү аракетинде. Ооба, тилекке каршы бүгүнкү күндө жоопкерчиликсиз эркектердин саны өсүүдө, бирок матчество деген аны токтотуу эмес, башка максатты көздөөдө. Ачык айтканда радикалдуу феминисттер, ЛГБТ өкүлдөрү өз талаптарын көздөөдө. Мамсекретарь, жарма, чучук патриоттор булар көтөргөн маселе менен күрөшкөндүн ордуна, өзүбүздүн идеологияны кандай жол менен жаштарга, элибизге жайылтууну көздөшсө болмок. Бирок ал идеологиясы да жок болууда.