УКМК өзгөчө көп өлчөмдөгү дары-дармектерди Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен алып кирген жана Өзбекстан Республикасынын аймагына алып чыккан жарандардын кымыштуу аракеттерине бөгөт койду. Белгилей кетсек, бул дары-дармектер дарыгердин көрсөтмөсү менен гана берилүүчү дарылардын тизмесине кирет.
Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, 5-июлда КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында КР жараны Р.С.Г. 9600 даана “Зардекс” (Индияда жасалган) дарыларын ыктыярдуу түрдө өткөрүп берди. Анын баасы Өзбекстандагы көмүскө базарында 288 миң АКШ долларын түзөт.
Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда бул каналдын уюштуруучусу Г.И.Н.ге жашаган дареги (Ош облусу, Кара-Суу району, Шарк айылы, Мадумаров көчөсү) боюнча издөө салышкан. Анын жыйынтыгында 591 даана “Тропикамид” (көзгө тамчылатчу) дарылары алынды.
Келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион 867 миң сомдун тегерегин түздү.
Белгилей кетсек, жогоруда табылып алынган дары-дармектер Өзбекстан Республикасынын аймагына жөнөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына эч кандай уруксат кагаздары жок мыйзамсыз алынып келинген, ал жакта жаштар бул дары-дармектерди жеңил баңгизат катары колдонушат.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында, жаран Г.И.Н. Ош облусунун Кара-Суу районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.