- Коомчулукта Алтын Капалованын матчество боюнча жазылган мыйзамына түрдүү кептер айтылып, Конституциялык соттун колдогону да сынга кабылууда. Кыргыздар текти эне менен эмес, ата менен сүрүштүрөт дегендер басымдуу пикирди түзүүдө. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?
- Кыргыздарда мындай нерсе азыр эле пайда болуп, Алтын Капалова эле ойлоп чыгара калган жок. Мисалы, санжырада Моңолдор уруусу Наалы эжеден тараган деп айтылып жүрөт. Дагы бир уруу Күрүчбек деген аял кишинин атынан айтылат экен. Анан туудуруп таштап кеткен ит сыяктуу акмактын тукуму дегенден көрө, багып чоңойткон энесинин атын алганы энесинин эмгегин урматтап сыйлоо, адилеттик деп ойлойм.
- Бирок, мындай учурда улуттун уңгусу бузулат деп жатышат го
- Мындай нерседен улуттук уңгу бузулбайт. Улуттун уңгусун балдары менен иши жок, ар намысы жок, каада салтты, нарк насилди баалабаган, бир кана күнүмдүк тирчилигин ойлогон эркектер бузат.