(Сүрөттө: Миталип Мамытов)

- “ Асман “ жана “Манас” 30 июнь 2023 жыл тарыхый күн болду. Ошол 30-июнда, Ысык-Көл жергесинде улуу жыйын салтанаттуу турде өтүп, болочок, жаны «Асман» деген шаардын капсуласын Президентибиз өз колу менен салды.

«Асман» деген жаңы шаарыбыз, буйруса бактылуу, ырыстуу шаар болот деп мен толугу менен ишенем. Себеби, «асман» деген сөздөн «Манас» деген сөздү кураса болот. Манас деген сөздөн акылдуу адам деген түшүнүк бар экенин билебиз: Man - адам, as - бардык жагынан бардык нерсеге устаз, бардык нерсеге жөндөмдүү, акылдуу адам деген түшүнүктөр бар. Асманды
акылдуу шаар деп аталганы да бекеринен болбосо керек, себеби асман шаарыбыз акылдуу (asman smart city) деп аталгандан кийин менин жекече оюм боюнча, акылдуу шаарда акылдуу адамдар жашашы керек. Көк асмандан таза абадан дем алса, тунук суудан ичип турса, көл жергесиндеги «Асманда» жашаса, мындай адам акылдуу болууга мажбур, жаман иштер колунан
келбейт, жаман сөз оозунан чыкпайт, жаман ой акылында орнобойт. Себеби:

Акыл - сууга чөкпөйт.
Акыл - отко күйбөйт.
Акылга - ок өтпөйт.
Акылга ток өтпөйт.
Акылына ток өтсө,
Айланан күйүп жана
Жан дүйнөңө азык болот.

Ошол жерде, Президентибиздин сөзун угуп жатып, жаны «Асман» деген болочоктуу, акылдуу шаарыбызды элестетип жатып, мага учкул ой келди, ал учкул ойду айты же жазып койбосом менин башым ооруп калгандай сезим пайда болду.

Асман - Ата, Көл - эне,
Жаны шаар келди жерине.
Манас - Ата, Жер эне,
Кут конду Кыргыз элиме.

Президентибиз ошол улуу жыйында сүйлөп жатканда мен Садыр Нургожоевич Жапаровду жалпы элибизден жогорураак деңгээлде тургандай сездим, ошол эле убакта кудайымдан ылдыйыраак экенин ойлоп турдум. Ошондуктан Садыр Жапаров элибизден Кудайыма элчи, ал эми Кудайымдан элибизге элчи болду деп айткым келди. А мен болсо, элибиздин белгилүү дарыгери-демчисимин. Ошондуктан мен айткым келет: «элчи менен демчиге душмандын колу коркок, элчи менен демчиге душмандын бычагы мокок, элчи менен демчиге душмандын тили чоркок» - деп айтсам кечирип койсун, Жараткан.

Ала - Тоону шаңдантып,
Ысык - Көл турат жалтылдап.
Толкундайт жээги шарпылдап,
Тоо жанырып шаңкылдап.
Калкым турду шаңданып,
Сары алтындай жылт этип,
Балыктар жүрдү буйт этип,
Кандай сонун көрүнөт,
Кайыкта сүзсөң салкындап.
Салтанаттуу жыйында,
Ысык - Көлдүн шамалы камыкта сүзсөң салкындап,
Салтанаттуу жыйында.
Ысык - Көлдүн шамалы,
Сылап турду маңдайдан.
Күндүн нуру түз тийип,
Бет маңдайды куйкалап,
Кызарып чыктык ал жайдан.
Кызыгып жүрүп билбедик,
Күйүп калганын маңдайдын.
Күн жарыкта карасаң,
Көл түбүндө Ала - Тоо.
Ай жарыкта карасаң,
Акылдуу - Асман шаарынын
Көлөкөсү көрүнөт.
Ысык - Көлдүн өзүнөн,
Көк тиреген асканын,
Жанашып турсун «Асманың».
Жарашып турсун басканың.
Ашыкпа колум, шашпагын,
Чабылар тулпар аттарың.
Ачылар сырдуу катмарың,
Ардактап сага, келишер,
Аралап далай жаштарын.
Ачылар кабак - каштарың,
Көрүнөр көзгө бир кезде,
Аман болсо баштарың.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип Мамытов