Президент Садыр Жапаровдун тууганы коррупцияга шектелип кармалганы тууралуу маалыматты мамлекет башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков тастыктады.

"Президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаровдун камакка алынганы тууралуу маалымат боюнча:

32 жаштагы Улан Жапаров (эки бир тууганы Ракымжан Жапаровдун баласы) президенттин тууганы экени анык. Ал, ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тийешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды.

Тактап кетейин, Президент Садыр Жапаров кимде ким мыйзам бузса, жакындары экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт.

Ошондой эле Президенттин, анын жакындарынын, жогорку кызматтагы жетекчилердин атын жеке кызыкчылыктарына пайдалангандарга дагы катаал чаралар колдонуларын эскертебиз", - деп жазды Орунбеков.