Көңүлү калбоо үчүн аялдар кандай типтеги эркектерден оолак болуу керектигин билип алышы керек. Ошондуктан бул жаатта кеңеш берген психологдордун айткандарын топтодук. 

Альфонстор

Альфонс улгайган аялдар менен мамиле түзө баштаган жаш жигит деген стереотип азыркы учурда иштебейт. Аялдын эсебинен пайда көргүсү келгендер ар кандай курактагы жана социалдык катмардагы эркектер болушу мүмкүн. Алардын бир гана жалпылыгы бар - дайыма каржылык кыйынчылыктары тууралуу айтышат. Аялга белек берүү же кандайдыр бир материалдык жардам көрсөтүүнү ойлонушпайт, тескерисинче дайыма өздөрүнүн материалдык маселеси тууралуу кеп козгошот. Боорукер аялдар узак убакытка анын бул айткандарына алданып, аяп жүрүшү мүмкүн, бирок бир учур келет - баарын токтотуп, басып кетүүгө күч табат. 

Инфантилдүү эркектер

Чоңойбогон, бала кездеги түшүнүк менен калып кеткен эркектер. Күч кубаттуу, жаш курагы жоопкерчиликти алууга келип калганына карабай, өз ойлорунда так турганды билбей кимдир бирөөдөн жалканып турушат. Аларда бала же өспүрүм курагында психологиялык травма болгон болуусу мүмкүн. Бүгүн сизге бир сөздү айтышат, бирок ал сөзүн эртеси күнү кармана алышпайт - ичиндеги бала өз сөзү үчүн жоопкерчиликтүү болууга жол бербейт. Жаш балдарды эч ким айткан сөзүнө жоопкерчилик алууга мажбурлай албайт эмеспи, булар да ошондой. Бүгүн айтты, эртең кайтты - талап кылууга акыңыз жок. Айтканынын баарын тамашага шылтап, качып кетет. 

 Сараң, ач көз

Эгер эркек майда нерсе менен болсо да аялдын көңүлүн алууга ашыкпаса, анда ал эмоционалдык планда дагы сараң. Эркекке сезимин белектер аркылуу билдирүү милдет эмеспи. Эгерде анын сараңдыгы мамиленин башында үнөмдүүлүгү, сактыгы катары каралса, кийинчерээк бул аялды таарынтып, ал турмак жийиркенте баштайт. Сөзсүз түрдө киши акчаны кантип коротуп жатканына байкоо салыңыз. Сараң адамдан эч убакта каржылык колдоо күтпөй эле коюңуз. Чоң нерселер тууралуу айтпай эле коелу, майда, арзан белек дагы өмүрү колуңузга тийбейт. Мындай эркектер белек берүүнүн өзүнүн эркектик беделин көрсөтүү катары карашпайт, аялга чыгым болуп жатам дегендей тырышуу менен кабыл алышат. 

Психопаттар, тирандар

Психопаттар менен сүйлөшүүдөгү башкы маселе аларды ыкка келтирүү мүмкүн эмес. Алар сезимтал, камкор, назик, сүйгөн адам көрүнүшү мүмкүн, бирок аларда сүйүү, күнөөсүн сезе билүү сыяктуу сезимдер такыр жашабайт. Тиран аялдын ар бир кадамын кайтарат, дайыма башка бирөөнүн аймагына уруксатсыз кирет. Ошону менен катар алдамчы да болушат, зарыл болсо, болбосо дагы аялды дайыма алдап турушат. Так ушундай эркектер аялды оор күндө - ооруп калганда же кыйынчылыкка кабылганда оңой эле таштап кетишет. 

Жубайы бар эркектер

Жубайы бар эркектерден жакшысы алыс жүрүү керек. Алар сыртынан жакшы көрүнө бериши мүмкүн, бирок бир чоң кемчилиги бар - эркин эмес. Албетте, аялын сүйбөй турганын, балдар үчүн жашап жатканын ж.б. айтып жомок токушу мүмкүн. Бирок билип коюңуз - эч кандай андай эмес. Толук кандуу, бактылуу жашоодо жашап жатат. А сизди жөн гана убактыңызды кетирип, алдап жүрөт. Ал аялы менен бактылуу жашай берет, а сиз түгөй табууга мүмкүнчүлүгүңүздү коротуп аласыз. 

 Нарцисстер

Алар сулуу, келбеттүү, акылдуу, сезимтал адамдар. Аялдарга жакшы камкордук көрүп, көңүлүн алууга уста. Бирок эртеби кечпи баары өзгөрүлөт. Нарцисс - бул ичи көңдөй адамдар, дайыма жанындагылардын мактап, колдоп туруусуна муктаж.

Жашоодо татыктуу эркектер абдан көп. Эч убакта көңүлүңүздү калтырбаңыз. А эгерде жогоруда кеп кылган эркектердин тибине жолугуп калсаңыз артыңызды карабай качыңыз. Баары бир эч кандай пайда албайбыз, болгону жаштыгыңызды, убактыңызды, энергияңызды куру бекер коротосуз.