Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайдын жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу  Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун соцтармактагы баракчасына жазылды. 

"Жараткандын жардамы менен Кыргызстанда биринчи жолу эки күндүк ымыркайдын жүрөгүнө стент коюлду. Бул Ош шаарындагы Кыргыз-Россия клиникасынын базасында болду.

Ымыркайдын өмүрүн сактоо үчүн кардиохирургдардын, перфузиологдордун, анестезиологдордун, эндоваскулярдык хирургдардын тобу Бишкектен келди.

Биз өтө маанилүү нерсеге кам көрөбүз", - деп жазылган.