2023-жылдын 5-июлунда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармалды. Бул КР УКМК менен КР ИИМ Ички иликтөө кызматынын биргеликте иш аракетинин натыйжасында болгонун УКМК кабарлады. 

Маалыматка караганда,  козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда, кармалган кызматкер Ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.  

Милициянын майорунун жашаган жеринен издөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дарылар табылган. Тактап айтканда, ар кандай калибрдеги 4 мылтык, 9 даана граната; 200 даана 9мм калибрлүү ПМ патрону; 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону; 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору жана 72 даана помпонун патрондору.

Кармалган кызматкер КР УКМКнын тергөө абагына киргизилип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.