Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги “Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясы) 14,6 миллиард сомго баалап, сатыкка чыгарды.

Ага ылайык, арыздарды кабыл алуу 4-июлда башталды жана ушул жылдын 2-октябрында аяктайт. Бул тууралуу мекеменин сайтына жарыяланды.

Анда компания тууралуу техникалык маалымат берилген жана учурда абоненттеринин саны 2,5 миллиондон ашык экени, 500 миңден көп базалык станциясы бардыгы көрсөтүлгөн. Ошондой эле сатып алууга кызыккандар үчүн шарт, эреже-талаптар жазылган.

Ушул жылдын апрель айында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев аталган компания 14,6 миллиард доллар болуп баасы бычылганын билдирген. Анда ишкананы баалоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйында казакстандык "ААР — Эдвайзори енд Рисерч" концерциуму жана "Терра Консалтинг" көз карандысыз баалоо-агенттиги Mega компаниясын (170,3 миллион доллар) 14,6 миллиард сом деп баалаганын айткан.

Өткөн жылдын аягында "Альфа Телекомду" сатуу үчүн баалоочу компанияны тандоо максатында сынак жарыялаган. Анда "Мега" мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экенин, убагында 19 миллиард сомго бааланганы айтылган.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң убактылуу өкмөт аталган компаниянын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекеттин карамагына өткөн.