- Асман шаарына капсула салынды. Буюрса, Асман шаары дүйнөдөгү кооз, керемет шаарлардын катарын толуктайбы?
- Асман шаары өзүнчө жомок. Анткени, биз жомок доорунда жашап жатабыз. Жомок доору дегеним, кечээги эски тамдын ордуна жомоктогудай хан сарайлар салынууда. Мындай жаңылануу коомчулукка көнүмүш болуп жеке ишкерлер соода, өндүрүш тармагын өнүктүрүүдө. Эл арасында калкты тейлөө күндөн -күнгө жакшырып, атаандаштык менен алга сүрөгөн ишкерлер көбөйүүдө. Ал эми мамлекеттик деңгээлде асман тиреген имараттар курулуп, кереметтүү Ысык-Көлдү дүйнөлүк эс алуу жайына айландыруу кечээ жомок болсо, эртең ошол жомок шаарында жашап, сыймыктанып гана тим болбостон, келечекте алтын доордун ачкычы болушу ыктымал. Асман шаары дүйнөдөгү кооз шаарлардын катарын толуктап жана касиеттүү кыргызга кызмат кылат деп ойлойм. Бирок Асман шаарынын толук курулуп ишке кириши үчүн өлкөбүздө саясий стабилдүүлүк болушу зарыл. "Ырыс алды ынтымак" дегендей бизге ынтымак жана биримдик жетишпей тургандай сезилет. "Жакшы сөз жарым ырыс " дегендей алдын ала Асман шаары тууралуу жакшы сөз айтып, жакшы тилек кылсак Кудай тилегибизди берет. Ааламды аруулаган, ыйык шаар болушун каалайм!