Президент Садыр Жапаров Асман шаарына капсула салуу учурунда эмнеге мындай, ар бир кыргызстанга пайда алып келчү шаар Ысык-Көлгө курулганын айтып берди. 

"Эгер Ысык-Көл Баткен облусунда жайгашкан болсо, биз сөзсүз Асманды ошол жакка курмакпыз. Инвесторлор дагы мындай курулушта ыңгайлуу курорттук аймакты тандашат. Эң башкысы, кайсы жерде жайгашпасын бул шаар ар бир кыргызстандыкка пайда алып келет. Ал Кыргызстандын экономикасынын өсүшүнүн локомотиви болуп берет. Мисалы, Кумтөр Ысык-Көлдө жайгашкан, анын пайдасы бюджетке тийип жатат, андан ар бир кыргызстандык 30 жылдан бери пайда алып келди. Ошол сыяктуу эле шаар дагы ар бир кыргызстандыкка пайда алып келет. Ошондуктан Кыргызстандын келечегин ойлойлу. Кудай буйруса, өлкө түштүгүнө да ушундай эле шаар курабыз", - деди Садыр Жапаров.