- Буюрса, бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда экологиялык “Асман” шаарынын курулушуна старт берилет. Бул долбоор жарыяланганда эч ким ишенген эмес. Ал тургай шакаба, күлкү кылып дагы айтып, жазып жатышты. Ири долбоордун курулушуна президентибиз капсула салат, андан ары жумуш башталат. 

Салыштырып айтып кетким келет. Бүткүл дүйнө эли кызыккан, туристтер агылып барган Дубай шаары чөлгө, эч кандай шарты жок жерге, инвесторлордун жардамы менен курулган. 

Ал эми биздин Асман шаары – төрт мезгили бар, ажайып кооз, ак мөңгүлүү тоолордун курчоосундагы Ысык-Көлдүн жээгине түшөт. Президент Садыр Жапаров баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат. Убакыт учкан куш. Бүт дүйнөнүн эли агылып келе турган Борбор Азияда шаар пайда болот, ал – Асман! 

Жакшы ниеттерге чогуу тилек кылып, максаттарга ынтымак менен бирге жетели!