- Асман шаары саналуу күндөн кийин курулушу башталат. Асман шаары дүйнөдө жок, керемет, кооз шаар болооруна ишенесизби?
- Асман шаары дүйнөдө жок керемет шаар болоруна ишенүү керек! Ал үчүн кыргыз эли баарылап ак тилек, ак ниет, ак бата менен баштаган жакшы. Али баштала элек ишке эле көзү ачыктык кылып, ар кандайча жоромолдоп, "андан көрө Бишкекти куруп албайбы" деген сыяктуу ылаң сөздөр жүрүп жатат. Туула элек балага ат коюунун не кереги бар? Ак ниеттен, ак батадан болбогон иш болуп келген.
Ушул жерде баарына белгилүү бир уламышты айта кетейин. Өтүмүштө бир бай, телегейи тегиздей адам жашайт. Элге карамдуу, эч нерседен кем эмес. Бир гана кемчилиги - балалуу боло албайт. Жашы ортолоп баратканда Кудайдан бала сурайт. Ыйлап жалынат: "О, кудурет. Жок дегенде үч эле күндүк бала берчи. Баланын атасы деген сөздү угуп өлөйүн", - дейт. Жаратканым бала берет. Кубанган бай элин чакырып, той берет. Көпкө балалуу болбой жүргөнүн билген эл: "Уулуңдун өмүрү узун болсун, жакшылыгын көр!"- деп, жапырт дүңгүрөтө жүздөрүнө бата тартып жиберет. Бай кубанып, элин узатып, эми үч күндөн кийин баламды алып кетет деп күтөт. Үч күн эмес бир апта, эки апта өтөт. Бала али тирүү. Бай ыйлап: "Оюнуңбу, чыныңбы, балам али тирүү го", - дейт Жаратканыма. Анда улуу парвадигер: "Сен үч күнгө сурадың эле, макул болгом. Ал эми түмөн элиң "өмүрү узун болсун" деп балаңдын өмүрүн сурап алышты го. Ушунча элге кантип жок демекмин!"- деп жооп берет.
Анын сыңарындай кара оюбузду, көралбас ичи тардыкты коюп, жалпы кыргыз эли ак дилден ак батабызды арнап: "Оо, жараткан! Асман шаарыбыз ынтымак жана ак бата менен курулсун. Дүйнөдөгү жети кереметтин сегизинчиси болсун! Аалам эли суктана турган жана зыяратка келе тургандай даражалуу Асман шаары болсун! Оомийин!"- деп, дүңгүрөп бата берели. Ар кандай жаман, терс жоромолдорду токтотолу. Ынтымактан ырыс жаралсын. Асман шаары асманга жете ыкыбалдуу, ырыстуу башталсын. Жакшы, ак дил адамдардын колунан баары жаралат. Кыргыз элим уникалдуу эл. Мен ишенем жана сыймыктанам!