- Мадин агай, ырчылар фонограмма менен ырдаса 28 миң сом айып салынсын деген сунуш берилип жаткан экен. Бул сунуш туурабы же аша чабуубу?

- Мен башынан эле фонограммага каршымын. Тойлордо деле концерттерде деле ырчылар оозун кыймылдатып  коюп, акчаны алып кеткен учурлары көп эле болот. Чынында фонограмма менен ырдагандын өзү жакшы эмес. Фонограмма менен ырдагандарга 28 миң сом эмес, 50 миңден ашык  штраф салса да туура болот. Анткени, штрафтын көптүгүнөн коркуп таланты жок, таанышы көптөр сахнага чыкпай калат эле. Ошондой эле фонограмма менен ырдагандарды тескеген катуу көзөмөл керек. Көзөмөл күчтүү болгондон гана  ырчылар оозун кыймылдатып коюп, элди алдап акча алганды  токтотот. Негизи кайсыл жерде болбосун ырчылар жандуу үн менен ырдашы керек.