- Ибрагим агай,  фонограмма менен ырдагандарга  28 миң сомго чейин штраф салуу сунушталып жаткан экен.  Негизи фонограммага каршы мыйзамды сиз министр кезде кабыл алдырдыңыз эле. Жакшы эле башталып, орто жолдо  эмнеге ишке ашпай калды эле?

- Ооба. Фонограмма боюнча маселени маданият министри болгон кезимде көтөрүп, мыйзамды кабыл алдырганбыз. Анткени, орусча айтканда “фальшивый ” ырчылар көбөйүп кеткен. Андай ырчылар азыр деле  көп. Алар кайсыл тональносто  ырдаганын деле билишпейт. Мейли нота тааныбасын, бирок талаптарга жооп берсин да. Үнү бары, жогу деле ырчы болуп кеткендигине байланыштуу чыныгы ырчылардын жүзү ачылсын деп ушул мыйзамды кабыл алганбыз. Мен министр болуп турган  кезде бул мыйзам жакшы эле иштеп баштаган. “Цензура кылып жатат”  деп мени да айыпташкан. 3-4 эле ырчы жандуу үн менен концерт койгон. Анткени,  ырчылардын концерттик  программасын көркөм кеңеш карасын деген да талап коюп, ырчылардын концерттик программасын көркөм кеңеш жаратпай койсо концерт койбой турган кылып койгонбуз. Ошондой эле сахнага кийип чыга турган костюмдарына, ырдын сөзүнө, аранжировкасына  чейин көркөм кеңеш көңүл бура турган кылганбыз. Көркөм кеңештин башчысы Түгөлбай Казаков болсо, Курмангазы Азыкбаев ырдын музыкасын жана аранжировкасын карай турган болгон. Мыйзам жакшынакай эле иштеп, сахнага чыгуунун талаптары жогорулап калган. Мен кызматтан кетип,  Султан Раев министр болуп келгенде  ал талаптардын баарын алып салып, фонограмма менен ырдоого уруксат берип койду. 

- Бирок ырчылар фонограммасы жок ырдаш үчүн алгач шарт түзүлүшү керек. Маданий мекемелерде дүйнөлүк стандартка жооп берген аппаратураларды алышы керек деген ойлорду айтып жатышат го...

- Мен аппараттар эски дегенге такыр кошулбайм. Бул болбогон доомат. Аппараттардан мурун ырчылар өздөрү дүйнөлүк  стандартка жооп береби? Мен мисалы, филармонияга концерт көргөнү барып турам. Аппаратуралар  мурдагыга караганда  жакшырып калганын байкайм. Негизи аппараттар эски деген шылтоо эле. Биз ырдап жүргөндө филармонияда бир да аппаратура жок болчу. Аппаратураны өзүбүз  алып келип, концерт бүткөндө алып кетчүбүз. Аппаратура талапка жооп бербейт деген болбогон шылтоо. Азыркы ырчылар  флешкадан башка колуна эч нерсе көтөргүлөрү келбейт. Ошон үчүн болгон дооматтын баарын аппаратурага,  микрафонго коюшат. Ушунча ырдап жүргөндөн кийин өздөрү деле камсыз кылып алса болот да.

- Ошондо фонограмма менен ырдоого таптакыр тыюу салынды беле?

- Стадиондо өтө турган концерттерге жана телеканалга тартса фонограмма менен ырдоого уруксат бергенбиз.  Бирок ырчылар тойлордо, спорт сарайында, филармонияда дагы фонограмма менен ырдап жатышпайбы.  Мен элчи болуп, Түркияда дагы, Өзбекстанда дагы иштедим. Эки мамлекетте тең фонограммага катуу тыюу салышкан. Эки жакта тең минус бир деп койот. Музыкасы бар, сөзү жок. Ошону коштоп жандуу ырдашат. Музыкасы фонограмма болсо дагы үнү жандуу болушу керек. Түркияда фонограмма менен ырдаса эл кыйкырып, ышкырып колундагы бар нерсесин сахнага ыргытып жиберишет. Биз дагы жандуу үн менен концерт көрүп, ырахат алган күнгө жетишибиз керек.