Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу менен түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин аяктады. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы билдирди. 

"Убактылуу депутаттык комиссия оппозициялык фракциянын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча корутундусун кабыл алды.

Бул чечимге комиссиянын мүчөлөрү депутат Г.Кожокулова менен депутат Ф.Алимджанов гана каршы чыгышты.

Бүгүн, 22-июнда саат 13.30да Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде аталган маселе каралып, андан соң пленардык жыйынга алып чыгышат.

Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттын добушу менен комиссиянын корутундусу же жактырылат же четке кагылат", - деп жазылган билдирүүдө.