- Кыргызстанда фонограмма менен ырдагандарга 28 миң сомго чейин штраф салуу сунушталууда. Маселе туура эле көтөрүлүп жатабы?
- Абдан туура маселе көтөрүлүп жатат.
- Бирок фонограммасыз ырдоого шарт түзбөй туруп, айып салганы туура эмес деп жатышат го ырчылар...
- Аларга кандай шарт түзүш керек? Фонограмма - бул жасалма үн менен ырдоо. Угармандарды алдоо. Негизи фонограмма чыгып жаткан эле аппараттар менен ырдай беришет. "Аппараттар эски, талапка жооп бербейт" деген - үнү жок, таланты жок ырчы сөрөйлөрдүн шылтоосу.