Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "Чекит медиа" платформасынын иликтөөсү тууралуу "Азаттыкка" комментарий берди.

Ал 21-июндагы комментарийинде журналисттик иликтөөнү каралоо деп атады.

“Көрүп чыктым. Биринчи мен макул болбогон, ынанбаган жагдай, анонимдүү булак деп жалаа жапкан үндү көрсөтүшкөн. Буга чейин сөз эркиндиги, журналистикадагы этика боюнча үйрөтүп келген журналисттер тобу мындай калпыстыкка жол бергенине өтө төмөн деңгээлде баа бердим. Экинчиден, мамлекеттик телеканалдардын журналисттерин өлкөбүздө болуп жаткан жакшы иштерди, өсүү деңгээлин көрсөткөн материалдарды бөлүшкөнүн булар троллдор деп кемсинтүүгө жол беришкен. Сын айтып, негатив издеп же болбосо мамлекеттин кадыр баркын төмөндөткөн маалыматтарды чыгаргандарга сөз эркиндиги, иликтөөчү журналист деп баа берип, мамлекетибизде жасалып жаткан жакшы иштерди айткандарды троллдор, кемсинтүү деген туура эмес. Бул жолку иликтөөсүн ушактын деңгээлинде, манипуляция жана жалаа катары кабыл алдым”, - деди Орунбеков.

Ал эми УТРКнын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Телеканалдын кызматкери Чынара Капарова Фейсбуктагы баракчасындагы билдирүүсүндө иликтөөдө айтылгандарды маалыматтык чабуул катары сыпаттаган.

“УТРК - бул улуттун идеологиясынын, тарыхыбыздын, маданиятыбыздын казынасы. Ошондуктан УТРКга мамлекеттик казынадан күнүнө миллиондор коротулат экен деп, жалгыз "жаңы медиа" бөлүмүнүн жүзү менен маалыматтык чабуул жасоо аракети, элди алдоого жатат”, - деп жазды.